Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат
"Кыргызсуудолбоор" ААК менен Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 15–24-октябрь күндөрү "Кыргызсуудолбоор" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев жетектеген делегация Кытайга иш сапары менен барды.
Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы Нанкин шаарындагы Хохай университетинин жана Чжэнчжоу шаарындагы Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Тараптар суу чарбасы жана гидроэнергетика тармагында адистерди даярдоо, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана заманбап технологияларды өздөштүрүү маселелерин талкуулашты.


