"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

Ысык-Көл облусундагы "Жети-Өгүз" санаторийинде жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо иштери 2027-жылдын май айында толук аяктайт. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-октябрда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев санаторийге барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Учурда санаторийде төрт кабаттуу жаңы башкы корпус, эки кабаттуу дарылоо корпусу жана жабык термалдык бассейндер курулуп, ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. Ал эми 2 300 чарчы метрлик жатакана корпусунун реконструкциясы толук аяктаган.

Мындан тышкары, 400 орундуу ачык амфитеатр, конференц-зал, спорттук жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле эс алуучулар үчүн кошумча үйлөр салынып, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Каныбек Туманбаев курулуштун сапатына көңүл буруп, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырганы кошумчаланган маалыматта.

Белгилей кетсек, санаторий буга чейин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кесиптик бирликтер федерациясынан Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

Ички иштер министрлиги жарандарды акысыз спутниктик интернетке туташтыруу шылтоосу менен жасалышы мүмкүн болгон алдамчылык аракеттерден сак болууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, алдамчылар WhatsApp аркылуу спутниктик интернет сыноо иретинде ишке киргизилгени тууралуу жалган билдирүүлөрдү таратып, акысыз туташууну жана интернеттин ылдамдыгын жогорулатууну сунушташууда. Андан соң интернетти

Ишкер Media
Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкектен Чүй облусунун шаарларына жана калктуу конуштарына туруктуу автобус каттамдарын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-октябрда, парламенттин жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, Токмок, Кант, Кемин, Сокулук жана Кара-Балтадан Бишкекке каттаган тургундар эртең менен жана кечинде транспорт жетишсиздигинен кыйналып жатышат. “Жарандар кайрылып жатышат. Кечки

Ишкер Media
Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда жыл башынан бери суу объектилеринен 160 чакырымдан ашуун балык уулоочу тор жана 3,6 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, тазалоо иштери суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында жүргүзүлүүдө. Негизги иштер Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Орто-

Ишкер Media
Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

"Кыргызсуудолбоор" ААК менен Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 15–24-октябрь күндөрү "Кыргызсуудолбоор" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев жетектеген делегация Кытайга иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында кыргыз

Ишкер Media