Караколдо коллекциялык тыйындардын көргөзмөсү өттү

Караколдо коллекциялык тыйындардын көргөзмөсү өттү

Каракол шаарында 28-октябрда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнү – 2026" иш-чараларынын алкагында коллекциялык монеталардын нумизматикалык көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалымдалгандай, көргөзмө Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп, анда Улуттук банк чыгарган коллекциялык монеталар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын катышуучуларына улуттук валютанын калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары, коргоо элементтери, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктар жана алтын куймалары тууралуу маалымат берилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду

Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду

Бишкек шаарында атмосфералык абанын сапатын өлчөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, өлкө боюнча абанын сапатын көзөмөлдөөчү 14 стационардык жана бир автоматташтырылган станция иштейт. Датчиктерден алынган маалыматтар Жаратылыш ресурстары министрлигине, Бишкек мэриясына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп турат. Жарандар абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин

Ишкер Media
Ысык-Көлдө эс алуу борборуна 200 миң сом айып салынды

Ысык-Көлдө эс алуу борборуна 200 миң сом айып салынды

Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы "Альфа Вайт Резорт" эс алуу борборунда курулуш эрежелеринин бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, эс алуу борборунда пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, айрым имараттарда тиешелүү уруксат кагаздары жок кошумча курулуш иштери жүргүзүлгөнү аныкталган. Ошондой эле экинчи кабатты курууда имараттын бекемдигин

Ишкер Media
Тоолуу ашууларда кар жаап, жолдорго кум-туз себилди

Тоолуу ашууларда кар жаап, жолдорго кум-туз себилди

Бүгүн таңга маал Бишкек - Ош унаа жолунун 125–139-чакырымдарында кар жаады. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, №9 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго кум-туз аралашмасын себишти. Учурда кар токтоп, жол ачык жана унаалардын каттамы үзгүлтүксүз жүрүүдө. Ошондой эле Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолундагы Талдык жана Тонмурун ашууларында

Ишкер Media
Ош шаарында 69,76 гектар жерге агроөнөр жай комплекси курулат

Ош шаарында 69,76 гектар жерге агроөнөр жай комплекси курулат

Ош шаарында 69,76 гектар жер тилкесине агроөнөр жай комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, долбоордун алкагында аймак 30 өзүнчө жер тилкесине бөлүнүп, фермерлерге жана ишкерлерге ижарага берилет. Анда эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы үчүн сарайлар жана азыктарды кайра иштетүүчү ишканалар курулат. Мындан тышкары, Ош шаарынын

Ишкер Media