Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду
Бишкек шаарында атмосфералык абанын сапатын өлчөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, өлкө боюнча абанын сапатын көзөмөлдөөчү 14 стационардык жана бир автоматташтырылган станция иштейт.
Датчиктерден алынган маалыматтар Жаратылыш ресурстары министрлигине, Бишкек мэриясына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп турат.
Жарандар абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин расмий сайтындагы картадан онлайн көрө алышат. Анда абанын булгануу деңгээли жана акыркы 24 сааттагы зыяндуу заттардын концентрациясы көрсөтүлөт.