Ысык-Көлдө эс алуу борборуна 200 миң сом айып салынды
Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы "Альфа Вайт Резорт" эс алуу борборунда курулуш эрежелеринин бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, эс алуу борборунда пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, айрым имараттарда тиешелүү уруксат кагаздары жок кошумча курулуш иштери жүргүзүлгөнү аныкталган. Ошондой эле экинчи кабатты курууда имараттын бекемдигин жана коопсуздугун тастыктаган техникалык корутунду алынган эмес.
Жыйынтыгында "Альфа Иссык-Куль" ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди.