Ош шаарында 69,76 гектар жерге агроөнөр жай комплекси курулат
Ош шаарында 69,76 гектар жер тилкесине агроөнөр жай комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, долбоордун алкагында аймак 30 өзүнчө жер тилкесине бөлүнүп, фермерлерге жана ишкерлерге ижарага берилет. Анда эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы үчүн сарайлар жана азыктарды кайра иштетүүчү ишканалар курулат.
Мындан тышкары, Ош шаарынын мэриясы тарабынан "Коңур-Жаз" участогунда көлөмү 20 миң куб метр болгон суу сактагыч курулууда.
Суу сактагыч ишке берилгенден кийин 400 гектар кайрак жерди сугат жерге айлантууга жана мал чарбачылыгын тоют менен камсыздоого шарт түзүлөт.