Тоолуу ашууларда кар жаап, жолдорго кум-туз себилди

Тоолуу ашууларда кар жаап, жолдорго кум-туз себилди

Бүгүн таңга маал Бишкек - Ош унаа жолунун 125–139-чакырымдарында кар жаады. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, №9 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго кум-туз аралашмасын себишти. Учурда кар токтоп, жол ачык жана унаалардын каттамы үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Ошондой эле Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолундагы Талдык жана Тонмурун ашууларында кар жаап жатат. Жол тейлөө кызматкерлери тайгактыктын алдын алуу үчүн жолго атайын материалдарды себүүдө. Ашууларда унаа кыймылына чектөө киргизилген жок.

Министрлик айдоочуларды жолдо этият болууга, унааларынын техникалык абалын текшерүүгө жана жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Түптөгү 85 миллион сомдук бала бакчанын курулушу аяктоо алдында

Түптөгү 85 миллион сомдук бала бакчанын курулушу аяктоо алдында

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ысык-Көл айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 85 миллион сомду түзөт. Эки кабаттуу имараттын аянты 1 404 чарчы метр. Анда уктоочу жана оюн бөлмөлөрү,

Ишкер Media
Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду

Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду

Бишкек шаарында атмосфералык абанын сапатын өлчөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, өлкө боюнча абанын сапатын көзөмөлдөөчү 14 стационардык жана бир автоматташтырылган станция иштейт. Датчиктерден алынган маалыматтар Жаратылыш ресурстары министрлигине, Бишкек мэриясына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп турат. Жарандар абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин

Ишкер Media
Ысык-Көлдө эс алуу борборуна 200 миң сом айып салынды

Ысык-Көлдө эс алуу борборуна 200 миң сом айып салынды

Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы "Альфа Вайт Резорт" эс алуу борборунда курулуш эрежелеринин бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, эс алуу борборунда пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, айрым имараттарда тиешелүү уруксат кагаздары жок кошумча курулуш иштери жүргүзүлгөнү аныкталган. Ошондой эле экинчи кабатты курууда имараттын бекемдигин

Ишкер Media
Караколдо коллекциялык тыйындардын көргөзмөсү өттү

Караколдо коллекциялык тыйындардын көргөзмөсү өттү

Каракол шаарында 28-октябрда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнү – 2026" иш-чараларынын алкагында коллекциялык монеталардын нумизматикалык көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалымдалгандай, көргөзмө Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп, анда Улуттук банк чыгарган коллекциялык монеталар көрсөтүлдү. Иш-чаранын катышуучуларына улуттук валютанын калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары,

Ишкер Media