Пенсия курагына жетүү жумуштан кетүүгө негизби? Кыргызстанда талаштуу демилге талкууга жем таштады

Пенсия курагына жетүү жумуштан кетүүгө негизби? Кыргызстанда талаштуу демилге талкууга жем таштады

Кыргызстанда пенсия курагына жеткен мугалимдерди жумуштан бошотуу үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланууда. Демилге жаш адистерди жумуш менен камсыз кылууга багытталганы менен, анын мыйзамдуулугу жана жарандардын эмгек укуктарына тийгизе турган таасири боюнча суроолор жаралууда.

Бул демилге кайдан чыкты?

Президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушууда жаш мугалимдерди жумуш менен камсыз кылуу маселеси көтөрүлгөн.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, мугалимдердин айлык акысы жогорулагандан кийин мектептердеги бош орундарга атаандаштык күчөп, пенсия курагындагы мугалимдер өз каалоосу менен кетмейинче, аларды кызматтан бошотуу мыйзам боюнча кыйынчылык жаратууда.

“Айлык акы жогорулагандан кийин мугалимдерде орун талаш болуп жатат. Кыргызстандагы пенсиядагы мугалимдерди кетире албайт экенбиз, анткени алар мамлекеттик кызматкер эмес. Эмгек кодекси аларды коргойт. Бирок, 2 муундун ортосунда чоң тирешүү болуп жатат. Айлык жогорулагандан кийин эч ким кетпей жатат, тескерисинче бизге орун бергиле, деген талаптар бар” – деп билдирди агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева.

Министр айым, пенсия курагындагы мугалимдерди жумуштан бошотуу боюнча чечимдер сот аркылуу жокко чыгарылып, алардын кайра кызматка алынган учурлары бар экенин да белгилеген.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров - маселени Жогорку Кеңеш менен биргеликте мыйзамдык негизде чечүүнү сунуштап, керек болсо Эмгек Кодексине өзгөртүү киргизгиле деген тапшырманы берген.

Эмгек боюнча эксперттин оюу

Эмгек мамилелери боюнча эксперт, Социалдык-эмгек мамилелерин изилдөө борборунун директору Эльдар Таджибаев бул демилгени ишке ашырууда адам укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, жаштарга жумуш орундарын түзүү жана алардын эмгек рыногуна кирүүсүнө шарт түзүү маанилүү. Ошол эле учурда пенсия курагындагы жарандардын татыктуу жашоосу үчүн жетиштүү пенсия жана социалдык кепилдиктер болушу шарт.

“Конституцияда - жаш курак боюнча басмырлоого тыюу салган, ар бир жаранга бирдей иштөө укугун берген жана Кыргызстанды эл аралык нормаларды сактоого жана таанууга милдеттендирген 24, 42 жана 55-беренелер бар. Ошондой эле Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) конвенциялары бар. Кыргызстан алардын 55ин ратификациялаган, анын ичинде эмгек мамилелеринде басмырлоого тыюу салган жана жумушка орноштуруу маселелерин жөнгө салган ЭЭУнун 111 жана 122 конвенциялары бар. Урматтуу, билим берүү министри жана башка демилгечилер! Биринчиден, мыйзам долбоорун иштеп чыгууда негиздүү негиздемени даярдашыңыз керек” – дейт Эмгек мамилелери боюнча эксперт, Таджибаев.

Эксперт өз сөзүндө, мыйзам долбоорунун демилгечилерин документин Конституцияга жана эл аралык укуктук нормаларга шайкештигин текшерүүгө чакырды. Анын пикиринде, долбоор укуктук жана укук коргоо экспертизасынан өтүшү керек. Бул жарандардын укуктарынын бузулушун жана Кыргызстан үчүн мүмкүн болуучу терс кесепеттерди алдын алууга жардам берет.

Эки тараптын кызыкчылыгын кантип тең салмактоого болот?

Эл аралык тажрыйбада пенсия курагындагы педагогдорду билим берүү системасынан толук четтетпестен, алардын иштөө форматын өзгөртүү ыкмалары да колдонулат.

Мисалы, Япония жана Түштүк Кореяда улгайган педагогдорду белгилүү шарттарда келишимдик негизде кайра ишке алуу, толук эмес жумуш убактысына өткөрүү же жаш адистерге насаатчы катары тартуу тажрыйбалары бар.

Мындай ыкмалар жаш мугалимдер үчүн орундарды ачууга жана тажрыйбалуу педагогдордун билимин сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстанда да пенсия курагындагы мугалимдерди милдеттүү түрдө бошотуудан тышкары, алардын кесиптик жөндөмүнө, ден соолугуна жана иштөөгө болгон каалоосуна жараша ийкемдүү механизмдерди кароо маселеси сунушталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Кыргызстанда бир ири компания Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын брокердик лицензиясын колдонуп, өзүнө караштуу дагы 20-22 ишкана ачып, элден 5 млрд сом чогулткан. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Анын маалыматына караганда, сөз болуп жаткан компания каражатты пайызга алган. Мындай ишмердик

Ишкер Media
ИИМ интернет алдамчылар көбөйгөнүн дагы да эскертүүдө

ИИМ интернет алдамчылар көбөйгөнүн дагы да эскертүүдө

ИИМ интернет-алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жарандарды жеке маалыматтарын жана аккаунттарын коргоого чакырат. Министрликтин маалыматына ылайык, алдамчылар өздөрүн уюлдук операторлордун, банктардын же башка мекемелердин кызматкерлери катары тааныштырып, колдонуучулардан аккаунтка кирүү үчүн ырастоо коддорун алууга аракет кылышууда. Мындай аракеттер акыркы күндөрү көбөйгөнүн MEGA оператору да билдирген. ИИМ жарандарга мессенджерлерде эки

Ишкер Media
Турак жайды камсыздандыруу: төлөмдөр, талаптар жана жарандардын укуктары

Турак жайды камсыздандыруу: төлөмдөр, талаптар жана жарандардын укуктары

Кыргызстанда турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу каралган. Ал өлкө мыйзамдарына ылайык шаарларда да, айыл жергесинде да колдонулат. Алдыда турак жайды камсыздандыруу акысы, керектүү документтер, бүгүнкү күнгө карата аткарылган төлөмдөр тууралуу сөз кылабыз. "Ишкер" медиа сайтынын суроолоруна Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматынан жооп беришти. — Өлкөдө турак жайды камсыздандыруу

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министри Түрк медициналык дүйнөсүнүн 12-конгрессине катышууда

Саламаттык сактоо министри Түрк медициналык дүйнөсүнүн 12-конгрессине катышууда

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медициналык дүйнөсүнүн 12-конгрессине катышууда. Бул туурасында министрликтен кабарлады. Министр өз сөзүндө заманбап технологиялар, илимий билим жана кесиптик тажрыйба менен алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Осмонов Кыргызстан медициналык билим берүү, адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, санариптик

Ишкер Media