Сентябрда Кыргызстанга 274,1 млн доллар акча которулган
2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген акча которуулардын жалпы көлөмү 274,1 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, анын негизги бөлүгү - 250,8 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 23,3 млн доллар которулган.
Ошол эле мезгилде Кыргызстандан чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча которуулардын көлөмү 9,4 млн долларды түздү.
Анын ичинен 3,3 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 6 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, бул көрсөткүчтөр 2026-жылдын сентябрь айындагы акча которуулардын жалпы көлөмүн камтыйт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу