Улуттук банк коммерциялык банкка 65 миң сом айып пул салды

Улуттук банк коммерциялык банкка 65 миң сом айып пул салды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын керектөөчүлүк кредиттөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн өлкөдөгү бир коммерциялык банкка 65 миң сом айып пул салынды.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Берилген маалыматта банктын аталышы жана мыйзам бузуу кайсы талаптарга байланыштуу болгону такталган эмес.

Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган коммерциялык банктардын тизмесине ылайык, азыркы тапта 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары иш жүргүзөт. Алардын ишмердүүлүгүн Улуттук банк дайыма көзөмөлгө алып турат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто үч эм наристе жарык дүйнөгө келди

Кыргызстанда 7,7 млн долларлык сүт заводу курулууда

Кыргызстанда Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу пландалууда

Лейлек РЭТ күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аяктады

Бишкектеги көчөдө тышкы жарыктандыруу системасы жаңыланууда