Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна айып пул салынды.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, мыйзам бузууга жол берген төлөм операторуна 55 000 сом өлчөмүндө айып тагылган. Ал эми айып салынган төлөм уюмунун аталышын ачыктаган жок.
Учурда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде өлкөдө 59 төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму иш алып барып жатат. Алардын бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан.
Белгилей кетсек, төлөм уюмдары товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, өткөрүү жана эсептешүү кызматтарын көрсөтсө, төлөм системасынын операторлору төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана катышуучуларга жеткирүү функцияларын аткарат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу