Япония Кыргызстанга 4 млн доллар грант берет
Финансы министри Руслан Суйналиев менен Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия жолугушуп, Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюушту. Гранттык колдоонун жалпы көлөмү 533 млн япон иенин (болжол менен 4 млн долларды) түзөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каражаттар жол-транспорт техникасын сатып алууга багытталат. Бул Кыргызстандагы транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иштердин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.
Иш-чарага Финансы министрлигинин жана япон тараптын өкүлдөрү, анын ичинде Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия жана Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров катышты.
Япония тарабынан көрсөтүлүп жаткан жаңы гранттык колдоо Кыргызстандын техникалык базасын мындан ары чыңдоого жана инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Япониянын өкмөтүнө жана элине, ошондой эле Япониянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигине (JICA) өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көп жылдардан бери көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар ошондой эле мындан аркы кызматташтыктын перспективдүү багыттарын, анын ичинде саламаттык сактоо, энергетика, чакан жана орто бизнести колдоо, шаардык транспорт жана санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду талкуулашты.