Орто-Токой ГЭСиндеги иштин жүрүшү текшерилди

Орто-Токой ГЭСиндеги иштин жүрүшү текшерилди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Орто-Токой ГЭСине барып, ишке киргизүү алдындагы жөнгө салуу жана сыноо иштеринин жүрүшү, ошондой эле станциянын жабдууларын ишке киргизүүгө даярдоо иштери менен таанышты.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда “Чакан ГЭС” ААКнын адистери China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте станциянын генераторлорун жана көмөкчү жабдууларын ар кандай иштөө режимдеринде сыноодон өткөрүп жатышат.

Ошондой эле станцияда көзөмөлдөө жана башкаруу системаларын, ошондой эле релелик коргоо түзүлүштөрүн жөндөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Орто-Токой ГЭСинин 110 кВ аба электр берүү линиясын “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын электр тармактарына кошуу иштери аяктады. Бул үчүн Орто-Токой ГЭСинин 110 кВ аба электр берүү линиясын “Ысык-Көл – Кочкор”110 кВ электр берүү линиясына туташтыруу иштери аткарылды.

Ишке киргизүү алдындагы жөндөө жана сыноо иштери аяктап, станция пайдаланууга берилгенден кийин өндүрүлгөн электр энергиясы өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык системасына берилет.

Иш сапардын жүрүшүндө министр жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, аларды өз убагында аяктоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 8 айда бюджетке 92,8 млрд сом көп чогулду

Кыргызстанда 8 айда бюджетке 92,8 млрд сом көп чогулду

Кыргызстанда 2026-жылдын 8 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 92,8 миллиард сомго көп салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси билдирди. Маалыматка караганда, бул учурда салык ставкалары жогорулатылган эмес жана ишкерлерге басым күчөтүлгөн эмес. Түшүүлөрдүн өсүшүн айрымдар инфляция же баанын өсүшү менен

Ишкер Media
Ошто Кыргызстандагы эң чоң мектептин курулушу аяктады

Ошто Кыргызстандагы эң чоң мектептин курулушу аяктады

Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Объект Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 2500дөн ашык окуучу билим ала алат. Курулуш 2026-жылдын мартында башталып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган. Старт берүү иш-чарасына

Ишкер Media
Шакиранын концертине эң арзан билеттер бир саатта сатылып кетти

Шакиранын концертине эң арзан билеттер бир саатта сатылып кетти

18-октябрда “Бишкек Аренада” өтө турган дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концертине билеттер бүгүн саат 09:00дө сатылышы башталган. Сатуу башталгандан кийин эле баасы 12 миң сом болгон эң арзан билеттер толугу менен сатылып кеткен. Саат 10:50гө карата ticket.gov.kg сайтында 22 миң сомдон 40 миң сомго чейинки билеттер гана

Ишкер Media
Аял фермерлер үчүн окутуу өттү

Аял фермерлер үчүн окутуу өттү

30-сентябрда Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту KOPIA борбору жана Кыргызстан Аялдар Конгресси менен биргеликте аймактардан келген аял фермерлер үчүн окутуу уюштурду.Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, иш-чаранын максаты - аял фермерлерге мал чарбачылыгы жана тоют өндүрүү багытында заманбап, илимий негизделген технологиялар боюнча практикалык маалымат

Ишкер Media