Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

14-августта Эсептөө палатасы Каржы министрлигине караштуу кызматтар жана мекемелердеги 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудитин аяктады.

Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 млн 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.

Текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн 797,6 миң сомдун 10 млн 115,9 миң сому казынага кайтарылган.

Эң ири мыйзам бузуу милдеттенмелерди кабыл алуу, тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо багытында аныкталган. Анын көлөмү 80 млн 835,2 миң сомду түзгөн. Калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 5 млн 110,4 миң сомдун 90,8 миң сому гана кайтарылган.

Ошондой эле бюджетке тиешелүү каражаттарды чегерүүдө 9 млн 712,1 миң сом, белгиленген ченемдерден ашыкча жана негизсиз бөлүштүрүүдө 1 млн 96,3 миң сом өлчөмүндө мыйзам бузуулар аныкталган.

Капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткарууда 2 млн 103,3 миң сомдук мыйзам бузуу катталып, анын 317,2 миң сому казынага кайтарылган.

Мындан тышкары, бухгалтердик эсеп жүргүзүүдө 11 млн 574,6 миң сомдук, ссудалык жана насыялык каражаттарды берүү жана пайдаланууда 2 млн 826,8 миң сомдук, мамлекеттик сатып алуулар жана башка багыттар боюнча 1 млн 548 миң сомдук бузуулар катталган.

Эсеп палатасынын маалыматына ылайык, ссудалык (белгилүү бир мөөнөткө кайтарып берүү шарты менен берилген акча же каражат) жана насыялык каражаттар боюнча аныкталган 2 млн 826,8 миң сом толугу менен кайтарылган. Ал эми бухгалтердик эсеп боюнча калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 6 млн 965 миң сомдун 6 млн 881,1 миң сому төлөнгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Каржы министрлигинин тиешелүү түзүмдөрүнө аныкталган мыйзам бузууларды жоюу, калган каражаттарды казынага өндүрүү жана каржылык тартипти күчөтүү боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media
Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган Бишкек шаарынынясно Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушуу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу КРнын Курулуш министрлигинен кабарлашты. Жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, медициналык кабинет, китепкана, ашкана,

Ишкер Media