Бийлик 150 млн долларлык инвестициялык келишимди чиновниктердин балдарынын компаниялары менен түздү - Factcheck.kg

Бийлик 150 млн долларлык инвестициялык келишимди чиновниктердин балдарынын компаниялары менен түздү - Factcheck.kg

6-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын министрлер кабинети менен «Терек-Таш» ЖЧК жана «Фирма «ЗЕНИТ» ЖЧК («ZENIT») ортосундагы цемент заводун куруу боюнча инвестициялык келишимге кол колган болчу. Инвестициянын жалпы суммасы $150 млн түзөт. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Бул келишим боюнча, Чүй областында Кемин районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Жылтыр участкасында клинкерди өндүрүү боюнча завод жана Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл аймагында цементти майдалоо заводу курулмакчы.

Factcheck.kg редакциясы бул компаниялардын ээлери ким экенин аныктаган кенен макаласын чыгарды. Төмөндө аталган порталдын журналисттеринин изилдөөсүнүн негизиндеги материал келтирилет.

«Терек-Таш» ЖЧК тууралуу маалыматтар

Компания «түстүү металлдардын башка топторуна кирбеген рудаларын казып алуу жана байытуу» менен алектенет. Ал 2014-жылы 1928-жылкы Сайра Кобенованын атына катталган. Бул бизнес түптөлүп жаткан учурда анын ээси 86 жашта болчу.

Бирок 2021-жылы фирма кайра каттоодон өтүп, анын негиздөөчүлөрү катары Ибрагимова Кира Сергеевна жана Арапбаев Данияр Азаматович көрсөтүлгөн.

33 жаштагы Кира Ибрагимова – белгилүү ишкер, “Бакай Банкынын” акцияларынын ири кармоочусу Сергей Ибрагимовдун кызы. Атасы аталган банктын 70.62% акцияларынын ээси жана директорлор кеңешинин төрагасы.

Сергей Ибрагимов «Кыргыз Коньягы» заводуна ээлик кылат. Андан сырткары ал «Beauty Септ» соода маркасы катары белгилүү, колдун терисин профилактикалык дезинфекция кылуу менен алектенген «Идеал-Фарм» компаниясынын негиздөөчүсу болуп эсептелет. Жалпы жонунан ага 10 компания катталган.

Ибрагимов “Ак-Жол” партиясынан IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон, аталган партия ал кездеги президент Курманбек Бакиев менен тыгыз байланышта болгон. Белгилей кетсек, бир жыл мурун, июлда ишкер мамлекетке 100 млн сом которгону маалым болгон. Ошол эле кезде анын компанияларын текшерүүдө эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

Кира Ибрагимова «Бакай Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү болгондон сырткары, дагы бир нече компанияларга ээлик кылат:

«Терек Таштын» экинчи негиздөөчүсү – Данияр Арапбаев – эң бай экс-депутаттардын бири Азамат Арапбаевдин (VI чакырылыш, КСДП фракциясы) уулу болуп саналат. Ал 23 жашта. Kaktus.Media сайтынын маалыматтары боюнча, ал 2014–2016-жылдары Лондондогу Mander Portman Woodward жогорку класстардын жеке-менчик колледж-пансионунда окуган. 2022–23-жылдарга карата бир семестрдин окуу баасы 10 миң фунт стерлингди түзөт (КР Улуттук Банкынын курсу боюнча 931 миң сом). 2016-жылы депутаттын уулу Эксетер университетине тапшырган. 2021-жылы бул окуу жайында окуунун баасы 20 миңден 37 миңге чейин фунт стерлингди түзөт (КР Улуттук Банкынын курсу боюнча 1.8–3.4 млн сом).

Ал практиканы CNMC Ltd түстү металлдарды казып алуу боюнча кытай компаниясынын лондондогу офисинде, “Демир Банкта” жана КР Улуттук банкында өткөн. 2018-жылы жайында Араван цемент заводунда стажировкада болгон.

Kaktus.Media материалын жарыялагандан кийин Данияр Арапбаев редакция менен байланышып, депутаттын уулу эмес экенин билдирген жана коомдук тармактагы баракчасын өчүрүп салган.

Быйыл жайында Данияр Арапбаев совет заманындагы белгилүү саясий ишмер Корчубек Акназаровдун небереси Салима Акназаровага үйлөнгөн. Үйлөнүү тоюнун алып баруучусу катары орусиянын шоумени жана артисти Валдис Пельш чакырылган, ал эми конокторунун арасында белгилүү америкалык актер Стивен Сигал болгон.

«Терек-Таш» ЖЧКнын директору – Тугөлбаев Акыл Орозобекович. Анын акыркы иштеген жери катары Араван цемент заводу көрсөтүлгөн, анда проекттик менеджер болуп эмгектенген. Мурда ал “Кыргызтелекомдун” коммерциялык директору болгон.

osoo.kg сайтынын маалыматтары боюнча, Түгөлбаев ошондой эле «Алиппе ТВ» ЖЧКны жетектейт.

«Фирма «ЗЕНИТ» ЖЧК тууралуу маалыматтар

«Фирма «ЗЕНИТ» ЖЧК “акиташ жана гипс казып алуу” менен алектенет. Ал 1995-жылы негизделген, ал эми 2022-жылы кайра каттоодон өткөн. Бүгүнкү күндө анын негиздөөчүсү – Сергей Ибрагимовдун 23 жаштагы уулу Тимур Ибрагимов.

Тимур Ибрагимов бул күндөрү тогуз компанияга ээлик кылат: «Кыргыз Коньягы» ЖЧК, «MIS PETROL LTD» ЖЧК, «Sky Invest» ЖЧК, «Gaz Invest» ЖЧК, «Намба Маркет» ЖЧК, «GABB Trade» ЖЧК, «Кыргыз Мит Фуд» ЖЧК, «ИДЕАЛ-ФАРМ» ЖЧК.

«Фирма «ЗЕНИТ» ЖЧКнын дагы бир негиздөөчүсү катары биз жогоруда сөз кылган Акыл Түгөлбаев көрсөтүлгөн.

«ЗЕНИТ» салык катары 2022-жылы эле жарым миллиондон ашык каражатты – 714 миң сомду төккөн. Башка жылдары анын салык төлөмдөрү 100-300 миң сомдун айланасында болгон. Бир гана 2020-жылы фирма мамлекетке 9.7 млн сом которгон.

Тыянак: Министрлер кабинети 150 млн долларлык инвестициялык келишимди мурдагы депутаттардын жана ири ишкерлердин уулдары негиздеген компаниялар менен түзгөн. Эки компаниянын Ибрагимовдордун үй-бүлөсү жана Акыл Түгөлбаев аркылуу байланыштары бар.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media