КР менен БАЭнин ортосунда капиталы 100 млн долларга жеткен инвестициялык фонд түзүлөт

КР менен БАЭнин ортосунда капиталы 100 млн долларга жеткен инвестициялык фонд түзүлөт

КР менен БАЭнин ортосунда Абу-Даби өнүктүрүү фонду түзүлөт. Бул тууралуу кечээ, 24-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев билдирди.

Жыйында баяндама жасаган министр КР министрлер кабинети менен БАЭнин өкмөтүнүн ортосунда туруктуу өз ара аракеттенүү, КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо, финансылык ресурстарды мобилизациялоо үчүн эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен холдинг компаниясын түзүү макулдашылганын жана аталган макулдашуунун долбоорун жактыруу үчүн аны комитеттин кароосуна алып келгенин билдирди.

“Холдингдин максаттары жана милдеттери – артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо менен БАЭнин, КРнын экономикасына түз инвестицияларды тартуу болуп саналат. Компаниянын иши экспортту колдоого, жаңы технологияларды тартууга, өнөр-жайды модернизациялоого, региондорду өнүктүрүүгө багытталат.

Өнүктүрүү фонддун уставдык капиталы 100 млн доллардын тегерегинде болот. Келечекте 1 млрд долларга жете турган мүмкүнчүлүгү бар. Бул Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду иштеген принципте иштейт, болгону акча каражаты эмираттарда болот, келген долбоорлор жактырылган күндө кредит түрүндө 4-5% менен берилет”, – деди ал.

Ошондой эле Амангельдиев Финансы министри менен Улуттук банктын төрагасы БАЭге барып келишкенин, алар фонддун жетекчилиги менен жолугушуп, макулдашканын, президенттин жакынкы күндөрдөгү расмий иш сапарында бул келишимге кол коюлат деп умүттөнүп турушканын кошумчалады.

“Башкармалыкта үчөө кыргыз тараптан, экөө эмираттан, ал эми фонддун кеңешинде үчөө алардан, экөө кыргыз тараптан болот. Анткени негизги акча каражаты араб фондусунан берилет”, – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media