«Кемпир-Абаддын» берилишин сынга алып, камалгандардын саны 26га жетти

«Кемпир-Абаддын» берилишин сынга алып, камалгандардын саны 26га жетти

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы болгон жарандык активисттер менен саясатчылардын саны 26га жетти. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

29-октябрга карата жалпысынан 28 адам кармалып, сот жообуна тартылган.

Талант Эшалиев үй камагында. Издөөдө – Тилекмат Куренов (Кудайберген уулу).

Кылмыш материалында Жогорку Кеңештин дагы эки депутаты – Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаровдун да аты аталууда.

26 адам камакта, анын ичинен бирөө УКМКнын СИЗОсунда:

  • Али Шабдан. Сот Турат Бекенов
  • Гүлнара Журабаева. Сот Тилек Турдугулов
  • Асия Сасыкбаева. Сот Нурдин Ибраимов
  • Эрлан Бекчороев. Сот Нурдин Ибраимов
  • Жеңиш Молдакматов. Сот Нурдин Ибраимов
  • Равшан Жээнбеков. Сот Турат Бекенов.
  • Рита Карасартова. Сот Тилек Турдугулов
  • Клара Сооронкулова. Сот Тилек Турдугулов
  • Перизат Суранова. Сот Тилек Турдугулов
  • Улугбек Маматаев. Сот Турат Бекенов
  • Таалай Мадеминов. Сот Турат Бекенов
  • Чынгыз Капаров. Сот Тилек Турдугулов
  • Айбек Бусурманкулов. Сот Тилек Турдугулов
  • Нурлан Асанбеков. Сот Тилек Турдугулов
  • Атай Бейшенбек. Сот Тилек Турдугулов
  • Айданбек Акматов. Сот Тилек Турдугулов.
  • Марат Баязов. Сот Тилек Турдугулов
  • Акыл Айтбаев. Сот Тилек Турдугулов
  • Кенешбек Дуйшебаев. Сот Нурдин Ибраимов.
  • Бектур Асанов. Судья Нурдин Ибраимов.
  • Кубанычбек Кадыров. Сот Нурдин Ибраимов.
  • Канат Исаев – СИЗО УКМК
  • Азимбек Бекназаров. Сот Нурдин Ибраимов
  • Мамбетжунус Абылов. Сот Тилек Турдугулов.
  • Орозайым Нарматова. Сот Турат Бекенов
  • Ильгиз Шаменов. Сот Турат Бекенов

Эске салсак, 23-октябрдан бери 20дан ашык саясатчы жана активист укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча келишимге каршы чыгышкан. Алардын көбүнө эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы киргизилген.

Кошумча окуңуз:

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси Кыргызстандагы акыркы окуяларга комментарий берди

«Кемпир-Абад» маселеси жөн эле шылтоо экен — Садыр Жапаров

Бизди өтө кооптуу кылмышкерлердей эле Ташиев өзү барып, Москвадан бизди сураптыр – активист Илгиз Шаменов

Бишкекте 500дөн ашык адам тынчтык митингине катышты

Активисттерди камагандан маселе чечилеби? — Мирлан Самыйкожо

Акыйкатчы институту Кемпир-Абад боюнча кармалган активисттерди кармоодо укук бузуулар болгонун билдирди

Бүгүн камактагы активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында тынчтык митинги өтөт

Кемпир-Абад маселеси: Жыйында Ташиев коркутканга чейин барды

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды — Кемпир-Абад Өзбекстанга кетиши мүмкүн

Садыр Жапаров чуулуу «Кемпир-Абад» суу сактагычынын «тагдыры» тууралуу үн катты

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media