Депутаттар Малайзиянын Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Депутаттар Малайзиянын Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Парламенттик делегация Малайзиянын Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК маалымат кызматы маалымдады.

Белгиленгендей, жолугушууда мамлекеттер аралык соода байланышын чыңдоо жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча Кыргызстанда көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Муну менен катар чет элдик инвесторлорго зарыл болгон кепилдиктерди жана жеңилдиктерди берген мыйзамдык база түзүлгөнүн маалымдады.

Өз кезегинде Малайзиянын Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү да Кыргыз Республикасы менен кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Тагыраагы, Борбордук Азия өлкөлөрү менен ишкердик тармагында кызматташууну кеңейтүү маселеси изилденип жатканын, алаканын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында жакынкы аралыкта малайзиялык ишкерлердин чоң тобу Кыргызстанга жөнөтүлөрүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев менен Антье Граве экономикалык өнүгүүнү талкуулашты

Бакыт Төрөбаев менен Антье Граве экономикалык өнүгүүнү талкуулашты

23-июнда "Ынтымак Ордо" имаратында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы учурдагы социалдык-экономикалык абалды жана 2023–2027-жылдарга карата туруктуу өнүгүү боюнча БУУ тутумунун

Илон Маск 118 млрд $ жоготуп, триллионерлер катарынан чыкты

Илон Маск 118 млрд $ жоготуп, триллионерлер катарынан чыкты

Америкалык ишкер, Илон Маск акыркы өзгөрүүлөрдөн улам 118 миллиард $ жоготуп, дүйнөдөгү триллионерлердин катарынан чыкты. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги бүгүн жарыялады. Маалыматка ылайык, Масктын байлыгы 11% кыскарып, 957 млрд $ чейин төмөндөгөн. Ошол эле учурда анын байлыгы жыл башынан бери 338 млрд долларга же 54,5 % көбөйгөн бойдон калууда. Масктын негизги активдери

Калинин – Степной жолуна асфальт төшөлүүдө

Калинин – Степной жолуна асфальт төшөлүүдө

Жайыл районундагы Калинин – Степной унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери каралган. Учурда анын 2 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Бүгүнкү күндө курулуш иштери белгиленген графикке ылайык

Казакстандан келаткан 8,5 тонна коон артка жөнөтүлдү

Казакстандан келаткан 8,5 тонна коон артка жөнөтүлдү

Казакстандан келген 8,5 тонна коон Кыргызстандын аймагына киргизилбей, кайра артка жөнөтүлдү. Бул тууралуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, "Чалдыбар" фитосанитардык көзөмөл постунда жүк текшерилип жаткан учурда жөнөтүүчү менен кабыл алуучу тууралуу маалыматтардын дал келбестиги аныкталган. Бул жагдай Евразия экономикалык биримдигинин жана Кыргызстандын фитосанитардык