Аксыда контрабандага колдоо көрсөткөн милиция жана чек ара кызматкерлери кармалды

Аксыда контрабандага колдоо көрсөткөн милиция жана чек ара кызматкерлери кармалды

УКМКнын атайын иш-чаралардын жыйынтыгында Аксы РИИБнин жана чек ара заставаларынын жетекчилеринин аткезчиликке катыштыгы бар экендиги тууралуу тактоочу маалыматтар алынды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек ара заставаларынын жайгашкан жерлеринде, Аксы районунун милиция кызматкерлеринин жана айрым жарандардын даректеринде ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында ири суммадагы акча каражаты, контрабандалык товарларды өткөрүп берүү жөнүндө жазуулар, ошондой эле жөнөтүүгө даярдалып турган эл керектөөчү товарлар жана бодо малдар табылды.

«Ошондой эле, чек ара кызматынын атайын дрондорун колдонуу менен мүмкүн болгон контрабанда жолдорун текшерүү учурунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган учурда жалпы суммасы 1 млн 200 миң сомдук 31 коробка тамеки буюмдарын ташып бара жаткан унаа кармалды», - деп белгиледи мекеме.

Иликтөөнүн жыйынтыгында Аксы РИИБнин үч кызматкерине, анын ичинде башчысынын орун басары А.И., ошондой эле чек ара кызматынын заставаларынын 3 командирине аткезчиликти уюштуруу жана колдоо кылгандыгы үчүн айып тагылды.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 93 мыйзамсыз таштанды жайы жоюлду. Учурда республика боюнча 230 таштанды жайы иштеп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, эң көп жоюу Ысык-Көл облусунда катталды – мурдагы 51 жайдын 35и жабылып, 16 гана калды. Талас облусунда 31 жайдын бирөө жоюлуп, 30 жай калды.

Ишкер Media
Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Кыргызстанга гипстен жасалган плита, такта жана панелдерди алып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Документке ылайык, ЕАЭБ ТН ВЭД 6809 11 000 0 кодундагы - кагаз же картон менен гана капталган гипсокартон буюмдарын ташып келүүгө токтом күчүнө киргенден

Ишкер Media
Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы 994,9 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына

Ишкер Media
Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдарды бузгандарга 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ЖКККББ менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Жыйынтыгында 9 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен 7 протокол автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемден ашуусу боюнча түзүлүп, 68 миң сом айып

Ишкер Media