Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти
Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы 994,9 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына чейин 3 млрд сомго жеткирүү пландалууда. Инвестиция көлөмү 1,7 млрд сомдон 2,8 млрд сомго өсүп, жыл аягына 4 млрд сом болот деп күтүлүүдө. Салык түшүүлөрү 340 млн сомдон 735 млн сомго өскөн.
Райондо билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт боюнча 91 объект пайдаланууга берилип, 13 жаңы ишкана ачылып, 138 жумуш орду түзүлгөн. 21 айылда ичүүчү суу долбоору 574,3 млн сомго ишке ашууда.
Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бакытбек Кошалиев шаарда өнөр жай өндүрүшү 9 айда 1,5 млрд сомго жетип, былтыркыга салыштырмалуу 29,7%га өскөнүн билдирди. Инвестиция 925 млн сомду түздү.
Шаарда 2 ири долбоор пландалууда: 3 млрд сомдук 13 гектарга транспорттук-логистикалык комплекс жана 30 млрд сомдук 71 гектарга жаңы кичи район куруу.
Президент демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.