Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдарды бузгандарга 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ЖКККББ менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Жыйынтыгында 9 административдик протокол түзүлгөн.

Анын ичинен 7 протокол автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемден ашуусу боюнча түзүлүп, 68 миң сом айып пул салынды.

Дагы 2 протокол Узун-Кыр жана Жайылма айыл өкмөттөрүндө таштандыга байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча түзүлүп, 34 миң сом айып пул салынган. Жооптуу тараптарга таштандыларды тазалоо боюнча эскертме берилди.

Рейд Бишкек экологиялык прокуратурасынын сунушу менен атмосфералык абаны коргоо максатында өткөрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Кыргызстанга гипстен жасалган плита, такта жана панелдерди алып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Документке ылайык, ЕАЭБ ТН ВЭД 6809 11 000 0 кодундагы - кагаз же картон менен гана капталган гипсокартон буюмдарын ташып келүүгө токтом күчүнө киргенден

Ишкер Media
Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы 994,9 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына

Ишкер Media
Бекешев: “Яндекстин” ишинин үзгүлтүккө учурашы биздин бир гана платформага көз каранды экенибизди көрсөттү

Бекешев: “Яндекстин” ишинин үзгүлтүккө учурашы биздин бир гана платформага көз каранды экенибизди көрсөттү

“Яндекстин” сервисинин ишинин үзгүлтүккө учурашы Кыргызстандын такси жана жеткирүү кызматтары рыногунун бир чет элдик санариптик платформага көз каранды экенин көрсөттү. Мамлекет өзүнүн чечимдерин өнүктүрүп, бул рынокто атаандаштык үчүн шарттарды түзүшү зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга такси жана жеткирүү кызматтарынын иштеши үчүн өзүнүн санариптик

Ишкер Media
Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Шакиранын концертине байланыштуу туристтик операторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, туристтик бизнес өкүлдөрү үчүн концертке билеттерди сатып алууда 5%га чейин жеңилдик каралган. Мындан тышкары, уюштурулган туристтик топторду "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы мейманкана комплекстерине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Ишкер Media