Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

Өлкөдө жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 93 мыйзамсыз таштанды жайы жоюлду. Учурда республика боюнча 230 таштанды жайы иштеп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, эң көп жоюу Ысык-Көл облусунда катталды – мурдагы 51 жайдын 35и жабылып, 16 гана калды.

Талас облусунда 31 жайдын бирөө жоюлуп, 30 жай калды. Бирок Бакай-Ата районунда жаңы полигон курулуп жатат. Ал ишке кирсе, Бакай-Ата жана Талас райондорундагы таштанды жайлар дагы 9га кыскарат.

Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Нарын облустарында да санитардык абалды жакшыртуу иштери жүрүүдө.

Жаратылыш ресурстары министрлиги бул иштер экологиялык абалды жакшыртууга жана айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алууга багытталганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Шакиранын концертине 30 миңге жакын турист келери күтүлүүдө

Шакиранын концертине 30 миңге жакын турист келери күтүлүүдө

Дүйнөлүк ырчы, Шакиранын концертине 60 миңге жакын көрүүчү келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, “Бишкек Арена” спорттук иш-чаралар менен катар ири маданий музыкалык жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. “Алдыда өтө турган Шакиранын концерти Кыргызстанда

Ишкер Media
Өлкөдө алюминий сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого 6 айга тыюу салуу сунушталды

Өлкөдө алюминий сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого 6 айга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда алюминий сыныктарын жана калдыктарын өлкөдөн сыртка ташып чыгууга алты айга убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору бүгүн, коомдук талкууга коюлду. Токтомдун долбоорунун максаты ата мекендик кайра иштетүүчү жана өндүрүштүк ишканаларды керектүү алюминий сырьесу менен камсыз кылуу, колдо болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарды толугураак жүктөө үчүн шарттарды түзүү, алюминийдин

Ишкер Media
Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Касымалиев гипсокартон импортуна 6 айлык тыюу салды

Кыргызстанга гипстен жасалган плита, такта жана панелдерди алып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Документке ылайык, ЕАЭБ ТН ВЭД 6809 11 000 0 кодундагы - кагаз же картон менен гана капталган гипсокартон буюмдарын ташып келүүгө токтом күчүнө киргенден

Ишкер Media
Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы 994,9 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына

Ишкер Media