Ысык-Көлдүн жетекчилерине эскертүү! Президент Түп районунун акимине сөгүш берди
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Каныбек Адиевге сөгүш берди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Султанбаевдин айтымында, ошондой эле Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырды.
«Буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду. Мындай көрүнүшкө айрыкча турсезондун алдында жол берилбеш керек», - деп Султанбаев белгиледи.
Президент турсезонго даярдыкты шаарларда, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат.