Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Шакиранын концертине байланыштуу туристтик операторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, туристтик бизнес өкүлдөрү үчүн концертке билеттерди сатып алууда 5%га чейин жеңилдик каралган. Мындан тышкары, уюштурулган туристтик топторду "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы мейманкана комплекстерине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Бул чаралар Бишкекте мейманканаларга суроо-талап жогору болгон учурда туристтерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.