Бекешев: “Яндекстин” ишинин үзгүлтүккө учурашы биздин бир гана платформага көз каранды экенибизди көрсөттү
“Яндекстин” сервисинин ишинин үзгүлтүккө учурашы Кыргызстандын такси жана жеткирүү кызматтары рыногунун бир чет элдик санариптик платформага көз каранды экенин көрсөттү. Мамлекет өзүнүн чечимдерин өнүктүрүп, бул рынокто атаандаштык үчүн шарттарды түзүшү зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга такси жана жеткирүү кызматтарынын иштеши үчүн өзүнүн санариптик платформалары болушу керек. Ошол эле учурда депутат чет элдик компаниялардын инфраструктурасын жергиликтештирүү, анын ичинде өлкө аймагына дата-борборлорун жайгаштыруу маселесин кароону сунуштады.
Муну менен катар Бекешев “Яндекс” ыңгайлуу технологиялык чечимди сунуштап жатканын жана ага тең келе турган ата мекендик сервисти кыска убакытта түзүү азырынча мүмкүн болбой жатканын белгиледи.
“Биз монополия менен күрөшүшүбүз керек жана бир эле компанияга көз каранды болбош үчүн компаниялар көп болушу зарыл”, — деди депутат.
Ал санариптик сервистер азыр жол жүрүүгө жана жеткирүүгө буйрутма берүү үчүн гана эмес, айдоочулар менен курьерлердин ишин уюштуруу, ошондой эле салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алуу үчүн да колдонулуп жатканын белгиледи. Еconomist.kg маселенин чоо-жайы эмнеде экенин иликтеп чыкты.
11-октябрда “Яндекске” эмне болду
11-октябрга караган түнү учкучсуз учуучу аппараттар Владимир шаарындагы “Яндекстин” дата-борборуна чабуул жасаган. Компания объекттин инфраструктурасы жабыркап, дата-борборун иши толугу менен токтогонун билдирген.
Андан кийин колдонуучулар “Яндекстин” сервистеринин ишинде масштабдуу үзгүлтүккө учуроого туш болушту. Көйгөйлөр Россиядан тышкары өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да байкалды.
Кыргызстандагы “Яндекс Go” сервисинин такси жана жеткирүү кызматтарындагы бузулуулар өзгөчө байкалды. Көйгөйлөр жүргүнчүлөргө, айдоочуларга, курьерлерге, ресторандарга жана дүкөндөргө да таасирин тийгизди.
AppleInsider басылмасынын маалыматына ылайык, 11-октябрда төмөнкү сервистер ачылбай же үзгүлтүк менен иштеген:
- “Яндекс Go”, анын ичинде такси, “Лавка” жана “Маркет”;
- “Яндекс Пэй”;
- “Яндекс Музыка” жана “Кинопоиск”;
- “Алиса” жана ага байланышкан акылдуу үй системасы;
- “Телемост”;
- Yandex Cloud.
Үзгүлтүк Yandex Cloud инфраструктурасын колдонгон башка сервистерге да таасирин тийгизди. Көйгөйлөр ресторандарда, чекене соода ишканаларында, интернет-сервистерде жана башка компанияларда катталган.
“Яндекс” компаниясы өзү маалыматтарды иштетүү борборунун жабыркашынан улам “Яндекс Пэй” сервисинин айрым колдонуучулары балансын текшере албай, сатып алуулар үчүн төлөм жүргүзүү жана акча которуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын билдирди. Компания кардарлардын акча каражаттары жана эсептери тууралуу маалыматтар жабыркабаганын баса белгиледи.
11-октябрдагы чабуул бир нече күндүн ичиндеги ушундай үчүнчү окуя болуп калды. Буга чейин Сасово жана Калуга шаарларындагы “Яндекстин” дата-борборлору жабыркаган. Бирок дал 11-октябрда Владимирдеги борбордун иши токтогондон кийин сервистин ишинде масштабдуу үзгүлтүкуө учуроо болду.
“Яндекс Такси” 2024-жылы Кыргызстандын рыногунда үстөмдүк кылуучу компания катары таанылган
“Яндекс.Такси.Корп” ЖЧКсы 2024-жылдын апрель айында Кыргызстандын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген.
2024-жылдын августта бийлик өкүлдөрү “Яндекстин” үстөмдүк кылуусуна байланыштуу кооптонуулардын фонунда такси рыногун жөнгө салуу маселесин талкуулашкан.
Платформанын масштабы кызмат көрсөтүүчүлөрдүн санынан да көрүнүп турат. 2025-жылдын июль айында “Яндекс Go” сервистери менен жок дегенде бир буйрутманы аткарган 100 миңге жакын активдүү айдоочу жана курьер кызматташкан.
2025-жылдын сентябрь айынан тартып “Яндекс Go” Кыргызстандагы айдоочулар жана курьерлер үчүн салык агенти болуп, алардын кирешелеринен киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кармап кала баштаган.