Кыргызстандын суу маселесин чечүү үчүн $1.2 млрд керек – Акылбек Жапаров

Кыргызстандын суу маселесин чечүү үчүн $1.2 млрд керек – Акылбек Жапаров

Суу маселелерди чечүү үчүн Кыргызстанга $1 млрд 200 млн керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 31-майда Бишкек суу форумунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө таза жана сугат суунун коопсуздугу маселеси эң курч коюлууда.

«Министрлер кабинети Дүйнөлүк банк менен биргеликте биздин ирригациялык тармактарды модернизациялоо үчүн жакынкы аралыкта $800 млн, ал эми жалпы калкты ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн $400 млн керектелерин эсептеп чыкты», - деди Жапаров.

Ал бул маселенин маанилүүлүгүнө токтолуп, глобалдык климаттын өзгөрүшүн жана бүгүнкү күндө суу адамдын эң негизги муктаждыгы экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Кадамжайда өнөр жай өндүрүшү 2,5 млрд сомго жетти

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу билдиргендей, райондо өнөр жай өндүрүшү 2021-жылы 994,9 млн сом болсо, 2026-жылдын 9 айында 2 млрд 507 млн сомго жеткен. Жыл аягына

Ишкер Media
Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүйдө рейд жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдарды бузгандарга 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ЖКККББ менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Жыйынтыгында 9 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен 7 протокол автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемден ашуусу боюнча түзүлүп, 68 миң сом айып

Ишкер Media
Бекешев: “Яндекстин” ишинин үзгүлтүккө учурашы биздин бир гана платформага көз каранды экенибизди көрсөттү

Бекешев: “Яндекстин” ишинин үзгүлтүккө учурашы биздин бир гана платформага көз каранды экенибизди көрсөттү

“Яндекстин” сервисинин ишинин үзгүлтүккө учурашы Кыргызстандын такси жана жеткирүү кызматтары рыногунун бир чет элдик санариптик платформага көз каранды экенин көрсөттү. Мамлекет өзүнүн чечимдерин өнүктүрүп, бул рынокто атаандаштык үчүн шарттарды түзүшү зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга такси жана жеткирүү кызматтарынын иштеши үчүн өзүнүн санариптик

Ишкер Media
Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Шакиранын концертине байланыштуу туристтик операторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, туристтик бизнес өкүлдөрү үчүн концертке билеттерди сатып алууда 5%га чейин жеңилдик каралган. Мындан тышкары, уюштурулган туристтик топторду "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы мейманкана комплекстерине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Ишкер Media