Сот Елена Калашникованы 22-июлга чейин абакта калтырды

Сот Елена Калашникованы 22-июлга чейин абакта калтырды

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова эки айга СИЗОго камалды. Чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Такталгандай, 2-июнда Елена Калашникованын жактоочусу Анатолий Хегай Биринчи Май райондук соту тарабынан 19-майда тандалган баш коргоо чарасына апелляциялык арыз берди.

Бишкек шаардык соту Елена Калашникованы эки айга камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси 22-июлга чейин СИЗОдо калат.

Эске салсак, 18-майда Улуттук УКМК Калашникованы жана анын орун басарын бөлүнгөн каражатты ири өлчөмдө кымырып алган деген шек менен кармаган.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Таш жайлоосунда жайытты тепселегендерге айып пул салынды

Ак-Таш жайлоосунда жайытты тепселегендерге айып пул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жана Аламүдүн Райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейд жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаа жана эндуро мотоциклдери менен жайыт жерлерге кирип, чөп катмарын тепселеп, жаратылышка зыян келтирген жарандар аныкталды. Аталган фактылар

Жол эрежесин бузган 3704 айдоочуга протокол түзүлдү

Жол эрежесин бузган 3704 айдоочуга протокол түзүлдү

Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн профилактикалык рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган 3704 айдоочуга протокол түзүлдү. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда 85 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалган. Эреже бузгандар:  184 айдоочу каршы тилкеге чыккан; 482 айдоочу тиешелүү документтерсиз унаа башкарган; 281 айдоочу

Бишкекте курулуп жаткан мектептер текшерилди

Бишкекте курулуп жаткан мектептер текшерилди

21-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курулуп жаткан 12 мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү иштери курулушу ушул жылдын башында башталган Октябрь жана Ленин райондорундагы жаңы

“Мобильный Кошелёк” компаниясынын лицензиясы кайтарылып алынды

“Мобильный Кошелёк” компаниясынын лицензиясы кайтарылып алынды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Мобильный Кошелёк» жоопкерчилиги чектелген коомунун эки лицензиясын кайтарып алды. Тиешелүү чечим Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан 2026-жылдын 16-июнунда кабыл алынып, лицензиялардын аракети 19-июндан тартып токтотулду. Улуттук банктын маалыматына ылайык, мындай чара Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгына байланыштуу көрүлгөн. Кайтарылып алынган лицензиялар төмөнкүлөргө