“Мобильный Кошелёк” компаниясынын лицензиясы кайтарылып алынды

“Мобильный Кошелёк” компаниясынын лицензиясы кайтарылып алынды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Мобильный Кошелёк» жоопкерчилиги чектелген коомунун эки лицензиясын кайтарып алды. Тиешелүү чечим Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан 2026-жылдын 16-июнунда кабыл алынып, лицензиялардын аракети 19-июндан тартып токтотулду.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, мындай чара Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгына байланыштуу көрүлгөн. Кайтарылып алынган лицензиялар төмөнкүлөргө тиешелүү болгон:

-        маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга негизделген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө берилген лицензия;

-        үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө берилген лицензия.

Аталган лицензиялар компанияга 2015-жылдын 29-майында берилген. Лицензиялардын жокко чыгарылышы компаниянын Кыргызстандын каржы рыногунун учурдагы жөнгө салуусуна ылайык электрондук төлөмдөр жана кайра иштетүү жаатындагы ишмердүүлүгүн токтотуусун билдирет.

Мындан тышкары окуңуз

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

14-августта Эсептөө палатасы Каржы министрлигине караштуу кызматтар жана мекемелердеги 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудитин аяктады. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 млн 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарында алты мектеп куруп жатат. Алардын бири 375 орунга ылайыкталган №21 жаңы мектеп. Министрликтин маалыматына ылайык, объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери быйыл март айында башталган. Учурда үч кабаттуу мектептин имараты толук тургузулуп, курулуш иштери 85%га аткарылды. Имараттын ички

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Таш айылында селден жабыркаган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, турак жайын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынан билидиришти. Маалыматка ылайык, 20-июнда болгон селден улам Айдана Тагаймуратованын үйү жараксыз абалга келген. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде демөөрчүлөр турак жай ээсине 20 миң

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга жаңы чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат. Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №534 токтому менен өлкө аймагында жарандык пиротехникалык каражаттардын жүгүртүү эрежелери бекитилди. Документке ылайык, пиротехникалык каражаттардын бардык түрүн сатууга атайын адистештирилген дүкөндөрдө гана уруксат берилет. Мындан тышкары,