Жол эрежесин бузган 3704 айдоочуга протокол түзүлдү

Жол эрежесин бузган 3704 айдоочуга протокол түзүлдү

Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн профилактикалык рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган 3704 айдоочуга протокол түзүлдү.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда 85 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалган.

Эреже бузгандар: 
184 айдоочу каршы тилкеге чыккан;
482 айдоочу тиешелүү документтерсиз унаа башкарган;
281 айдоочу ылдамдыкты ашырган;
4 автоээнбаштык фактысы катталган.
Мындан сырткары, жол эрежелерин одоно бузган 352 унаа айып короого токтотулду.

Милиция кызматкерлери айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, рулга мас абалда отурбоого жана жолдогу коопсуздук үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?