Чолпон-Атага Борбор Азиянын лидерлери келишти

Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Бул тууралуу минкаб кабарлады.
Ошондой эле, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиеев келди. Мамлекеттердин лидерлери Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышышат.



