Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Катар мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани 2023-жылдын 6-7-июнунда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, бул араб мамлекетинин башчысынын Кыргызстанга биринчи жолу келиши.

«Сапардын алкагында КРнын президенти Садыр Жапаров Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат», - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Ошондой эле, сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Чүй облусунун Панфилов районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылы район аймагында жалпы 30 чакырым унаа жолуна асфальт-бетон төшөө пландалган. Азыркы тапта анын 17 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү. Асфальттоо иштери Чалдовар – Ровное – Киров унаа жолунун 7 чакырымында, Эфиронос – Тельман

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Ош шаарындагы курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жайга инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү Ош шаарынын Спортивная көчөсү 5/1 дарегинде жайгашкан турак жайда өткөрүлгөн. Ага курулушту жүргүзүп

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд ААКсы "Кыргыз Республикасында МЧОИ үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү" долбоорунун "Жашыл кепилдиктер" компонентин ишке ашырууну баштап, ага катышуу үчүн финансылык уюмдарды тандоону жарыялады. Фонддун маалыматына ылайык, долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 59 млн АКШ долларын түзөт. Анын максаты – микро, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин