Парламентте соттуулугу жоюлган коррупционерлерге мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салуу сунушталды
Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасоонун алдын алууга багытталган мыйзам долбоорлорунун топтомун карап, биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, демилгечилердин бири, депутат Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, мыйзам долбоорлору КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасоонун алдын алууга багытталган.
«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупция жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адам, анын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына же жоюлганына карабастан, президент, Жогорку Кеңештин депутаты, төрагасы, министрлер кабинетинин мүчөсү боло албасын нормага киргизүү сунушталууда», - дейт Токторбаев.