Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 6-июнда, биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери 7-июнда тар жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Түркиянын жашыл экономикадагы тажрыйбасын үйрөнүүдө

Кыргызстан Түркиянын жашыл экономикадагы тажрыйбасын үйрөнүүдө

Кыргыз Республикасынын делегациясы Түркия Республикасына болгон окуу сапарынын алкагында жашыл экономика, климаттык каржылоо жана көмүртек чыгарындысын башкаруу боюнча эл аралык тажрыйба менен таанышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Тиешелүү мекеменин маалыматына ылайык, 21–23-июль күндөрү өткөн окуу сапарынын жүрүшүндө делегация Түркиянын Жашыл таксономияны өнүктүрүү, жашыл инвестицияларды тартуу,

Садыр Жапаров Астанада өтө турган эл аралык мелдештин ачылыш аземине катышат

Садыр Жапаров Астанада өтө турган эл аралык мелдештин ачылыш аземине катышат

Президент Садыр Жапаров 29-июлда Казакстанга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти. Мамлекет башчысын Астана шаарынын эл аралык аэропортунан Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка өкүлдөр тосуп алышты. Сапардын алкагында өлкө башчысы Садыр Жапаров эл аралык “Келечек оюндары – 2026”мелдешинин ачылыш аземине катышат. Ошондой эле

Салык кызматы 1,4 млн сомдук мыйзамсыз товарларды аныктады

Салык кызматы 1,4 млн сомдук мыйзамсыз товарларды аныктады

Мамлекеттик салык кызматы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө өлкөнүн аймагына товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныктады. Мекеменин маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин биринен үй буюмдарын ташып келе жаткан жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келген эл керектөөчү товарлар

Жасалма интеллект кайсы кесиптерге болгон суроо-талапты азайтты?

Жасалма интеллект кайсы кесиптерге болгон суроо-талапты азайтты?

Жасалма интеллекттин өнүгүшү айрым кесиптерге болгон суроо-талапты азайтып жатат. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткул Мукамбетова "АКИpress" агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, кесиптер толугу менен жоголбойт, бирок айрым кызматтар автоматташтырылууда. Учурда маалыматтарды кол менен киргизүү боюнча адистерге, кассирлерге, колл-