Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады
КРнын президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга 7-8-июнда болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы Эл аралык Астана форумунун ишине катышып, сөз сүйлөдү, ошондой эле модератор Ричард Квесттин бүткүл региондун экономикалык жана экологиялык дивиденддерин алуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн кооперациясынын артыкчылыктары жөнүндө суроосуна жооп берди.
Ушул эле жерде Жапаров Босния жана Герцеговинанын президиумунун төрайымы Желька Цвиянович менен жолугушту.
Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги, бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча чаралар тууралуу баарлашты.
Садыр Жапаров менен Желька Цвиянович мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бири-бирин өз өлкөсүнө сапар менен келүүгө чакырышты.
8-июнда Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.