Палестина Кыргызстанда өз элчилигин ачууга даяр

Палестина Кыргызстанда өз элчилигин ачууга даяр

Палестина Кыргызстанда өз элчилигин ачууга даяр. Бул тууралуу Палестинанын президенти Махмуд Аббас президент Садыр Жапаров менен жолугуусунда айтты.

Мамлекет башчысынын маалымат кызматы тактагандай, Махмуд Аббас Палестинанын эл аралык кызматташуу агенттигин кыргыз тарап менен байланыш түзүүгө багыттоого даярдыгын кошумчалады.

Президенттер Кыргыз-Палестина эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкуулашты.

Палестинанын Президенти да өз тарабынан Кыргызстан менен Палестинанын дос элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн бардык комплексин улантууга жана жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендигин билдирди.

Өлкө лидерлери мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык аспектилерин талкуулоо үчүн диалогду улантууну макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кече Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан VI Азия пляждык оюндары жыйынтыкталды. Ага КРнын спортчулары дагы катышкандыгын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өткөн. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен спорттун 9 түрүнөн ат салышкан. Анын

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

2026-жылдын жумуш календарына ылайык, кыргызстандыктар май айында он күн бою эс алышат. 1-майдан 10-майга чейин созулуучу жазгы каникулдар күтүлүүдө. Узак дем алыш күндөрү каржылык маселелерди чечүүгө тоскоолдук кылбашы үчүн, майрам күндөрү коммерциялык банктардын иштөө убактысы боюнча кеңири маалыматты Экономист.kg даярдап чыккан. Эске алуучу нерсе: Банктар күн тартибин реалдуу убакыт