Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча 2023-жылдын 2-июлунда Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. Бул тууралуу мекменин маалымат кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, расмий сапардын алкагында Кыргызстан менен Малайзиянын тышкы иштер министерлерин сүйлөшүүлөрү, ошондой эле президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурлан Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы А кылбек Жапаров менен жолугушуулар пландаштырылган.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media