Ошто мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу маселеси каралды

Ошто мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу маселеси каралды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана аймактык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Ош шаарынын аймагындагы өзүм билемдик менен курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу маселеси каралды. Жетигенов курулуш компанияларынын мыйзамсыз аракеттерине жол бербөө чаралары күчөгөнүнө карабастан, тиешелүү уруксат кагаздарын албай туруп, курулуш иштерин баштап жиберген учурлар катталып жатканын белгиледи.

«Тилекке каршы, быйыл да тиешелүү уруксат кагаздары жок имараттарды, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун өз алдынча баштап жиберген учурлар катталууда. Мындай көрүнүштөргө катуу чара көрүп, кимге тийешелүү болбосун баарын токтотуу керек», - деди мэр.

Жыйындын жүрүшүндө шаардагы инфраструктуралык курулуштардын жумуштарынын жүрүшү жана каржылоо маселелери талкууланып, белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабы коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, Өчпөс отко гүлчамбар койду. Ошондой эле мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, алардын элесине таазим кылды. Өлкө башчы согуштун жана ооруктун ардагерлерин, ошондой эле жалпы кыргызстандыктарды 9-Май

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Күн мурун Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы үчүн 200 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Жаңы окуу корпусу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.