Улан-Батордо Кыргызстандын элчилиги ачылды
Бүгүн, 11-июлда, Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы элчилигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Эске салсак, буга чейин мамлекет башчысы Айбек Артыкбаевди Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси кылып дайындаган.
Салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын элчиси Айбек Артыкбаев, Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн катышты.