Таласта мэрдин жаңы орун басары дайындалды

Таласта мэрдин жаңы орун басары дайындалды

Салтанат токтосунова Таластын мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Токтосунова Талас шаарынын мэриясынын турак жай коммуналдык чарба иштери боюнча башкы адиси болуп эмгектенип келген.  

Ошондой эле Кант шаарынын мэриясында башкы адис-юрист, Ош шаарынын мэриясынын аналитика жана тышкы байланыштар башкармалыгында жетектөөчү адис–аналитик, Талас шаарынын мэриясынын турак жай коммуналдык чарба иштери боюнча башкы адиси сыяктуу бир топ жооптуу кызматтарды аркалаган.

Read more

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Таластын чек арачыларына жардам берди

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Таластын чек арачыларына жардам берди

Талас облусундагы «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди. Такталгандай, 2017-жылы фонддун каржылык колдоосу менен кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн. Алсак заманбап үлгүдөгү стелла тургузулуп, чек-аранын кире беришиндеги структуралык арканын эки бетине кечкисин жануучу

«Альянс Алтын» ишканасы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» сыйлыгын алды

«Альянс Алтын» ишканасы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» сыйлыгын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» номинациясында AmCham Awards 2024 сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи 2024-жылдын 12-декабрында Америкалык Соода Палатасынын AmCham GALA 2024 жылдык иш-чарасынын алкагында өттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. «Альянс Алтын» компаниясы үчүн кызматкерлер ар дайым негизги баалуулук болуп келген. Алардын бакубаттуулугуна дайыма көңүл буруу,

Элдик курултайдын делегаттары Жерүй кенинин иши менен таанышты

Элдик курултайдын делегаттары Жерүй кенинин иши менен таанышты

Талас облусунан дайындалган III Элдик курултайдын делегаттары 2024-жылдын 17-декабрь күнү Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө компания делегаттарды Талас алтын кен комбинатынын иштөө процесси, калдык сактоочу жайдын абалы менен тааныштырышты. Андан сырткары тегерек стол уюштурулуп делегаттар

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын  курулушу текшерилди

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу текшерилди

Талас облусундагы Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын чакыруусу менен облустагы жарандык активисттерден түзүлгөн Элдик комиссиянын өкүлдөрү кенге барышты. Аталган комиссия буга чейин дагы бир нече жолу кендин иши менен таанышып, көзөмөл жүргүзүп келишкен. Бул ирээт кендин аймагындагы калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулуш иштеринин аякташы менен таанышуу болду. Бул