"Кошой" ААК заводунда электрондук кезек фермерлердин ишин жеңилдетти
Сокулуктагы "Кошой" ААК кант заводунда 2 жылдан бери электрондук кезек системасы иштеп жатат. Анын аркасында кант кызылчасын ташыган унаалар кезек күтпөстөн, код аркылуу заводго кирип, кант кызылчасын тапшырып, кайра эгин талаасына барып, бир күндө 2 жолудан каттап жатышат.
Борбордук кант кызылчасын кабыл алуу пунктунун башчысы Каныбек Талангутовдун айтымында, кодсуз кызылчаны өткөрүү мүмкүн эмес. Система заводдун да, фермерлердин да ишин кыйла жеңилдеткен.
Завод быйыл 1-октябрдан тарта иштеп баштаган жана түшүм толук жыйналганча иштейт. Учурда 18 миң тонна кызылча кабыл алынып, күнүнө 3,5 миң тонна алынууда.
Быйыл Сокулук районунан 120 миң тонна, андан тышкары Ысык-Ата районунан да кант кызылчасын алуу пландалууда.