Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады
Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 8-9-октябрда Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-октябрда мамлекет башчысы Борбордук Азия жана Азербайжан лидерлеринин Консультативдик жолугушуусуна катышып, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынтыгында лидерлер Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Ошол эле күнү Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, КМШ өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды.
9-октябрда президент КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып, 2028-жылы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Жыйында 13 документ кабыл алынды.
Иш сапар соңунда Садыр Жапаров 9-октябрда Бишкекке кайтып келди.