Минкаб 2023-жылдын мыкты мекемелерин жарыялады
Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын мамлекеттик органдардын мыктыларынын рейтингин жарыялады.
«Өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу планы 554 иш-чарадан турат. 2023-жылдын 1-июлуна карата 92 иш-чара бүтүшү керек болсо, анын 71и же 77%ы аткарылды. Мониторингдин жыйынтыгы төмөнкүдөй болду: 11 мамлекеттик орган «эң жакшы», 8 — «жакшы», «канааттандырарлык» — 4, «канааттандырарлык эмес» — 2», — деп белгиледи Жапаров.
«Эң жакшы» деген баа алган мамлекеттик органдардын тизмесине төмөнкүлөр кирди: Саламаттык сактоо министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Энергетика министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция боюнча министрлиги, президенттин Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөр, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары.