Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады
8-октябрда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктен маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, жолугушууда Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү жана Дүйнөлүк банктын колдоо механизмдери талкууланды.
Тараптар Агенттиктин учурдагы иштери жана "Сужан" долбоорунун абалы боюнча маалымат алмашып, аны ишке ашыруунун кийинки этаптарын карашты.
Жыйынтыгында туризм тармагындагы кызматташтыкты улантуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу макулдашылды.