Садыр Жапаров Ош шаарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселесин бир ай ичинде чечүүнү тапшырды

Садыр Жапаров Ош шаарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселесин бир ай ичинде чечүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров, 27-июлда, Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Мамлекет башчысына курулуштун жүрүшү, ошондой эле ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөрү жөнүндө маалымат берилди. Алар шаардыктар үчүн ичүүчү таза сууну чогултууга коюлган.

Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси Ош шаарынын тургундары үчүн көп жылдардан бери эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Сел жана жаан-чачын учурунда шаардыктарга суу берүү токтотулат, анткени ачык көлмө — Ак-Буура дарыясынын пайдаланылып жаткан суусу булганат.

Президент Садыр Жапаров ишти тездетип, бир ай ичинде Ош шаарынын тургундарын таза суу менен толук камсыз кылуу маселесин чечүүнү тапшырды.

Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигеновдун айтымында, муниципалитеттин Мамлекет башчысынын тапшырмасын үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин аткарууга жетиштүү ресурстары бар.

Read more

Элдик комиссия Жерүйгө барды

Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди. Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек. Акча которуулардын артыкчылыктары: * Комиссия 0%* * Которуулар бир заматта чегерилет * Ыңгайлуу конверсия курстары «Мир Привилегий» тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот: * "Рекомендуем"

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Талас облусундагы Жерүй ГЭСин «Альянс Гидро» жана РКӨФ компаниялары курат. Тараптардын ортосундагы келишимге 12-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн VI Кыргыз-Орус экономикалык форумунда кол коюлган. «Альянс Гидро» компаниясынын жетекчиси Александр Абрамов белгилегендей, тараптар ГЭСтин курулушун 25 млн долларга каржылоо боюнча келишимге кол коюшту, анын кубаттуулугу жылына 100гө жакын мегаваттка чейин жетет, жылына 1