Соцфонддо I жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Соцфонддо I жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Социалдык фонддо 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Фонддон билдиришкендей, отурумга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Ж.Рысбекова, Соцфонддун жетекчилиги катышты. Ошондой эле Соцфонддун шаардык жана райондук башкармалыктарынын башчыларына видеобайланыш аркылуу отурумга катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев белгилегендей, Кыргызстандын пенсиялык системасы өзүнүн өнүгүүсүн жана өркүндөшүн улантууда. Социалдык фонд Кыргызстандагы пенсия системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана улгайган адамдардын жашоосун жакшыртууга иштерди улантат.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатында макулдашылган саясатты ишке ашыруунун натыйжалары боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугу камсыз кылынып жатат.

Пенсияларды өз убагында каржылоо жана төлөө ишке ашырылып жатат, 2023-жылдын биринчи жарым жылында пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө керектелүүчү сумма 35.5 млрд сом толугу менен каржыланды. Пенсиянын төлөнүшү боюнча карыздар жок. Өткөн жылга салыштырмалуу пенсияга керектелүүчү сумма 8.2 млрд сомго көбөйдү.

2023-жылдын 1-июлуна карата алдын ала маалыматтар боюнча, пенсионерлердин саны 757,9 миң адамды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу пенсионерлердин саны 29,7 миң адамга өстү.

Накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү көбөйүүдө, 2023-жылдын 1-июлуна карата коммерциялык банктар аркылуу тейленүүчү пенсия алуучулардын саны 572,7 пенсионерге жетип, жалпы пенсионерлердин санынан 76%ын түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5%га өскөн, же "Элкарт" улуттук төлөм картасын колдонгондордун саны дээрлик 52,5 миң пенсионерге көбөйгөн.

2023-жылдын биринчи жарым жылында Социалдык фонд тарабынан Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан 8 045 млн сом инвестицияланды, 2022-жылдын ушул мезгилинде инвестицияланган каражаттар 5 млрд сом.

2023-жылдын январь-июнунда МТПФ каражаттарын инвестициялоодон түшкөн кирешелер 2 млрд сомду түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 411.5 млн. сомго көбөйдү.

2023-жылдын башынан бери МТПФ каражаттарынан төлөмдөр 595,9 млн сом суммасында каржыланды, анын ичинде ипотекалык насыя алуучуларга 342 млн сом, расмий түрдө убактылуу жумушсуз деп табылган адамдарга 1,2 млн сом, оор орууга кабылган адамдарга 14,6 млн сом. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу МТПФ каражаттарынан төлөмдөрдү каржылоо 380,4 млн сомго көбөйдү.

Мындан тышкары окуңуз

Швейцария Каракол лыжа базасын өнүктүрүүнү колдойт

Швейцария Каракол лыжа базасын өнүктүрүүнү колдойт

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли Каракол шаарында өтүп жаткан лыжа тебүү боюнча тренингге катышты. Элчиликтин маалыматына ылайык, бул иш-чара 2022-жылдан бери Швейцария тарабынан Кыргызстанда колдоого алынып келе жаткан кышкы туризмди өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулган. Сапар учурунда элчи кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн бир гана инфраструктура жетишсиз экенин белгиледи. Анын айтымында, жогорку

"Тез жардам" медицна борборуна дагы 40 унаа сатылып алынат

"Тез жардам" медицна борборуна дагы 40 унаа сатылып алынат

Быйыл жаңы 40 тез жардам унаасы келерин “Кабар” агенттигине берген маегинде Тез жардам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди. Анын айтымында, унаа каражаттары эки этап менен жеткирилет. “Быйыл министрлик 40 жаңы тез жардам унаасын алып бергени турат. Бул унаалар келсе, ишибиз жеңилдейт деп турабыз. Мэрия бизге Маевка жана Жал айылдарынан

Президент жеңил өнөр-жай тармагынын көйгөйлөрүн чечүүнү тапшырды

Президент жеңил өнөр-жай тармагынын көйгөйлөрүн чечүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы жеңил өнөр-жай тармагынын, анын ичинде тигүү, маркетплейстер, логистикалык компаниялар, банктар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда сектордун негизги көйгөйлөрү көтөрүлдү — каржылоого жеткиликтүүлүк, логистикалык чектөөлөр, экспорттук шарттар жана технологиялык жаңылануу маселелери. Катышуучулар тармакты ылдам өнүктүрүүгө жана тоскоолдуктарды жоюуга багытталган сунуштарын беришти. Мамлекет башчыс

Кыргызстандыктардын чет өлкөдө эс алуу табити өзгөрдүбү?

Кыргызстандыктардын чет өлкөдө эс алуу табити өзгөрдүбү?

Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөдө эс алууга жумшаган чыгымдары, болжолдуу маалыматтар боюнча, 423,3 млн долларды түзгөнү Улуттук статистика комитетинин материалында келтирилген. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1%га төмөндөгөн. Ошону менен бирге, туристтик рыноктун катышуучулары кыргызстандыктардын чет өлкөлүк багыттарды тандоодогу табити өзгөргөнүн белгилешүүдө. Буга чейин