Кыргызстанда жер көчкүдөн коргоо боюнча инженердик долбоору ишке ашырылат

Кыргызстанда жер көчкүдөн коргоо боюнча инженердик долбоору ишке ашырылат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы жер көчкүдөн коргоо боюнча инженердик долбоорду ишке ашырууга катышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жер көчкүгө каршы курулуш иштерине байланыштуу, аталган аймакта жашаган үй-бүлөлөрдү убактылуу көчүрүү зарылдыгын, ал эми көчүрүүгө байланыштуу чыгымдарды жергиликтүү бийлик көтөрөөрүн белгиледи.

«Мамлекеттин милдети – адамдардын, өзгөчө кооптуу климаттык шарттарда жашагандардын коопсуздугун камсыздоо. Дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү биздин өлкөгө дагы таасирин тийгизип жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Бийик тоолордогу мөңгүлөрдүн эрүүсүнүн натыйжасында нымдуулук көтөрүлүп, тоолорубуз туруктуулугун жоготуп, жылып жатат.
Эгемендүүлүк алгандан бери өлкө көп жер көчкүлөрдү башынан өткөрдү. Алардын 18зи калктуу конуштарга түшүп, анын кесепетинен 236 жаран каза болгон, 277 турак жай жана 7 социалдык объект кыйрап калган. Министрлер кабинетинин Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте көрүп жаткан бүгүнкү чаралары мындай аймактарда жашоо коркунучун кыйла азайтат», – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Блогерлердин салыктан бошотулушу боюнча түшүндүрмө берилди

Блогерлердин салыктан бошотулушу боюнча түшүндүрмө берилди

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Президенттин блогердерди салыктан бошотуу чечими боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул чечим бүгүнкү блогерлер же контент жаратуучуларды колдоо. Келечекте чоң медиакомпанияларга, IT-бизнеске жана креативдүү индустрияга айлана турган долбоорлорду колдоо максатын көздөйт. Ошондой эле, ал мамлекет жаратмандарга салыктык басымды азайтуу аркылуу алардын өсүп-өнүгүшүнө

Акыйкатчы Анкарада кармалган кыргыз жараны боюнча расмий кат жолдоду

Акыйкатчы Анкарада кармалган кыргыз жараны боюнча расмий кат жолдоду

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Түркиянын башкы омбудсмени Мехмет Акаржага Анкара шаарында кармалган кыргыз жаранынын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен расмий кат жолдоду. Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, 34 жаштагы кыргыз жараны 26-майда Анкарадагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунда кармалган. Ал Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр каттамы менен жубайы жана үч баласы менен

Чүй электр тармактар ишканасы 5 жаңы атайын техника менен камсыз болду

Чүй электр тармактар ишканасы 5 жаңы атайын техника менен камсыз болду

Чүй электр тармактар ишканасында энергетиктерге 5 жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.  Маалыматка ылайык, тармакты жаңылоо жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо программасынын алкагында ишкананын автопаркы жаңы атайын техникалар менен толукталды. Анын ичинде 25 метрлик FAW TIGER автокөтөргүчү жана SHANMON 388 экскаватор-жүктөгүчү механизация жана автотранспорт кызматына берилди. Курулуш-

“Элкарт Мобайл” аркылуу QR-код менен эми Кытайда төлөм жүргүзсө болот

“Элкарт Мобайл” аркылуу QR-код менен эми Кытайда төлөм жүргүзсө болот

Кыргызстандын улуттук төлөм системасы жаңы эл аралык кызматты ишке киргизди. Эми «Элкарт Мобайл» тиркемесинин колдонуучулары Кытайда Alipay+ аркылуу төлөөнү ишке ашыра алышат. Аны үчүн  кыргызстандыктар Кытайда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн QR-код менен төлөшү керек. “БАПБ” ЖАК (Элкарт) маалыматын караганда, төлөмдү ишке ашыруу үчүн “Элкарт Мобайл” тиркемесин жаңылап, “Сервистер”