Чүй электр тармактар ишканасы 5 жаңы атайын техника менен камсыз болду
Чүй электр тармактар ишканасында энергетиктерге 5 жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тармакты жаңылоо жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо программасынын алкагында ишкананын автопаркы жаңы атайын техникалар менен толукталды.
Анын ичинде 25 метрлик FAW TIGER автокөтөргүчү жана SHANMON 388 экскаватор-жүктөгүчү механизация жана автотранспорт кызматына берилди.
Курулуш-монтаждоо иштери жана көмөкчордондорду тейлөө кызматтары үчүн 3 заманбап ISUZU унаасы бөлүндү.
Белгиленгендей, автопарктын жаңыланышы электр тармактарын тейлөөнүн сапатын жана ыкчамдыгын жогорулатат. Кышкысын же катуу шамалда жарык өчүп калса, авариялык-калыбына келтирүү иштерин бир топ тездетет.

