“Элкарт Мобайл” аркылуу QR-код менен эми Кытайда төлөм жүргүзсө болот

“Элкарт Мобайл” аркылуу QR-код менен эми Кытайда төлөм жүргүзсө болот

Кыргызстандын улуттук төлөм системасы жаңы эл аралык кызматты ишке киргизди. Эми «Элкарт Мобайл» тиркемесинин колдонуучулары Кытайда Alipay+ аркылуу төлөөнү ишке ашыра алышат. Аны үчүн  кыргызстандыктар Кытайда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн QR-код менен төлөшү керек.

“БАПБ” ЖАК (Элкарт) маалыматын караганда, төлөмдү ишке ашыруу үчүн “Элкарт Мобайл” тиркемесин жаңылап, “Сервистер” бөлүмүнө кирип, Alipay+ терип, сатуучунун QR-кодун сканерден өткөрүү же төлөө үчүн QR-кодду көрсөтүү керек.

Төлөм жүргүзүлгөн учурдагы валютанын курсу боюнча сом менен жүргүзүлөт жана ал үчүн комиссия кармалбайт.

Сервис азыркы учурда - Кытайда, Казакстанда жана Малайзияда иштей баштады, ал эми июндун аягына чейин төлөмдөр Alipay+ тармагы иштеген 60тан ашык өлкөдө жана аймактарда жеткиликтүү болуп калмакчы.

Кошумча тиркемелер, чет элдик аккаунттар жана өзүнчө каттоодон өтүү талап кылынбайт. Бардык функциялар “Элкарт Мобайл” тиркемесинде жеткиликтүү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт

Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда