«Альфа Телекомдун» экс-жетекчиси Азат Базаркулов үй камагына бошотулду

«Альфа Телекомдун» экс-жетекчиси Азат Базаркулов үй камагына бошотулду

«Альфа Телеком» (MEGA) компаниясынын сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуулар боюнча кармалган экс-жетекчиси Азат Базаркулов мамлекетке келтирилген материалдык чыгымды төлөп берди. Бул тууралуу ММК борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматына шилтеме менен жазып чыгышты.

Келтирилген зыяндын ордун толтургандан кийин Базаркуловдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Соттун айтымында, ал бул иш боюнча дагы эки айыпталуучу менен бирге мамлекетке 6 миллион 709 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурган.

Базаркулов 2023-жылдын 9-сентябрына чейин үй камагында болот.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Өзбекстанга барды

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Өзбекстанга барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына барды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдиргенине караганда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын учагы “Хумо” эл аралык аба майданына конду.  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов жана башка расмий кызмат адамдары тосуп алышты.  Аба

Жазгы талаа иштери өткөн жылга салыштырмалуу көбүрөөк аянтты камтыды

Жазгы талаа иштери өткөн жылга салыштырмалуу көбүрөөк аянтты камтыды

Кыргызстанда 2026-жылдын 23-майына карата 677 миң гектардан ашык аянтка жаздык эгин себилип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 миң гектарга же 1,1 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. Маалыматка ылайык, себүү аянттарынын өсүшү негизинен арпа, жүгөрү, май өсүмдүктөрү, жашылча жана картошка айдоолорунун көбөйүшү менен шартталган.

Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо маселеси талкууланды

16-июнда Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев, депутаттар Гүлнара Баатырова жана Эльвира Сурабалдиева Башкы прокуратуранын алдында түзүлгөн Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин кезектеги жыйынына катышты. Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, прокуратура органдары тарабынан ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар

Караколдо 440 млн сомго мектеп курулууда

Караколдо 440 млн сомго мектеп курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Каракол шаарында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда. Объектинин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Мектептин жалпы наркы 440 миллион сомду түзөт. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, мектеп заманбап үлгүдө курулуп, жалпы аянты 5 257 чарчы метрди түзөт. Анда негизги окуу класстары, ашкана, жыйындар залы