Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо маселеси талкууланды

16-июнда Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев, депутаттар Гүлнара Баатырова жана Эльвира Сурабалдиева Башкы прокуратуранын алдында түзүлгөн Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин кезектеги жыйынына катышты.

Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, прокуратура органдары тарабынан ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле консультативдик кеңештин мурдагы жыйынынын жыйынтыгы менен бекитилген иш-чаралар планынын аткарылышы талкууланды.

Мындан сырткары, Экономика жана коммерция министрлигинин, ошондой эле Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү өлкөдө ишкердикти өнүктүрүү, инвестициялык саясатты жүзөгө ашыруу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндама жасашты.

Жыйында бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү да сөз сүйлөп, ишкерлерди түйшөлткөн орчундуу маселелерди көтөрүп, аларды чечүү боюнча сунуштарын билдиришти. Ошондой эле мамлекеттик органдар менен жеке сектордун кызматташтыгын күчөтүү маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын коргоону күчөтүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштар белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөлөт. Учурда жолдун 6 километрине биринчи катмар асфальт төшөлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган. Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы

Ишкер Media
Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында толук күндүк режимде иштей турган тогуз бала бакча уюштуруу пландалууда. Учурда алар үчүн ылайыктуу жайларды тандоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-октябрда министрликте ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өтүп, тогуз бала бакча үчүн жайларды тандоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 128

Ишкер Media
Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, Кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү

Ишкер Media
Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

"Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси табигый илимдер жана математика предметтери боюнча жалпы 238 430 нуска иш дептери басылып чыгарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал окуу-методикалык комплекттер аймактардагы мектептерге жеткирилип, окуучуларга таратылат. Анын ичинде 2-класстар үчүн Табигый илимдер предмети боюнча: • Кыргыз тилинде билим алган класстар үчүн

Ишкер Media